Программанын катышуучулары үчүн талаптар
- жаш курагы программага катышууга арыз берген учурда 18 (он сегиз) жаштан баштап;
- жалпы эмгек стажы 2 жылдан кем эмес же ошол уюмда 1 жылдан кем эмес иш стажы;
- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн турак жайынын жоктугу;
- Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшүнө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
Турак жайды каржылоонун багыттары:
Социалдык ипотека (жылдык 4%, 25 жылга чейинки мөөнөт, баштапкы төлөмү жок):
Жеңилдетилген ипотека (жылдык 4%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төлөмү жок):
- аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу бийликтеринин мамлекеттик органдары;
- мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ведомстволук уюмдары жана ишканалары;
- мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары;
- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана мамлекеттик органдарынын аскердик түзүлүштөрү;
- мамлекеттик программаларын ишке ашыруу иш предметтеринин бири болгон ыйгарым укуктуу орган;
- мамлекеттик телерадио уюмдары.
Арзан ипотека (жылдык 8%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төлөмү жок) - жеке чөйрөдө эмгектенген жарандар үчүн
Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча турак жайды кийин сатып алуу менен ижара механизми боюнча мамлекеттик органдар тарабынан курулган даяр турак жай берилет.
Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иш алып барган бардык категориядагы жарандар үчүн KFW программасы боюнча ипотекалык кредиттер жеткиликтүү.
ПРОГРАММАНЫН ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ БОЮНЧА ЭСКЕРТҮҮЛӨР
1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;
2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.